Жашыруун кызматтын атын жамынып акча талап кылган киши кармалды

Жашыруун кызматтын атын жамынып акча талап кылган киши кармалды

Жашыруун кызматттын кызматкери катары өзүн тааныштырып, опузалап, акча каражатын талап калып, аны алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан кылмыш ишинин материалдарынын негизинде жакын тууганына карата Талас облусунун соту жана прокуратурасы тарабынан оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүп берем деп «Т.Г.М.» аттуу жарандан 300 миң сом талап кылып, алып жаткан жеринен УКМКнын жалган кызматкери кармалды.

2022-жылдын 4-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Алмадчылык) туралуу «Т.Г.М.» аттуу жарандын арызы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, талап кылган акча каражатынын 200 миң сомун алып жаткан учурунда «Ж.Т.Ш.» аттуу жаран кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>