Жаза аткаруу кызматы Фарид Ниязовдун кайда экенин билдирди

Жаза аткаруу кызматы Фарид Ниязовдун кайда экенин билдирди

Акыркы күндөрү камактагы саясатчы Фарид Ниязов боштондукка чыгышы мүмкүн деген кептер кызуу жүрүп жатканына байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы маалымат каражаттарына комментарий берүүнү чечти.

«Эске сала кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы бир катар кылмыш иштери боюнча айыпталуучу болуп саналат жана анын мазмунун жана мөөнөтүн сот гана аныктайт», — деп жазат басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ниязов №21 мекемеде (СИЗО-1) камакта.

Фарид Ниязовдун жактоочулары анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү талап кылууда.

«Ал арада 9-март күнү 63 жаштагы Фардид Ниязов Улуттук кардиология жана терапия борборунда комплекстүү медициналык текшерүүдөн өттү. Тактап айтканда: эхокардиография, ЭКГ, ички органдардын УЗИ, калкан бези, кан тамырлар, клиникалык жана биохимиялык анализдер жүргүзүлгөн. Ошондой эле Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу улуттук борборунун адистеринин катышуусунда консультация болуп, алар тиешелүү диагнозду аныкташкан. Анын жыйынтыгы менен бейтапка дары-дармек жазылган», — деп түшүндүрдү басма сөз кызматы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>