Кыргызстанда милдеттүү түрдө беткап кийүү жокко чыгарылды

Кыргызстанда милдеттүү түрдө беткап кийүү жокко чыгарылды

12-марттан тарта Кыргызстанда медициналык мекемелерди жана коомдук транспортту кошпогондо, милдеттүү түрдө беткап кийүү токтотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Ага ылайык, ЖОЖдордо, колледждерде жана башка билим берүү уюмдарында, соода борборлорунда, ресторандарда, кафелерде, коомдук тамактануу жайларында, базарларда, музейлерде, спорт клубдарында, китепканаларда студенттер менен профессордук-окутуучулук курамды милдеттүү түрдө беткап кийүү жокко чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте 12-марттан баштап колдонуудагы алгоритмдерге жана инструкцияларга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды.

Бирок саламаттыкты сактоо уюмдарында (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик), ошондой эле коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто медициналык беткаптарды милдеттүү түрдө кийүүнү улантуунун маанилүүлүгү айтылды.

Жарандарга ыктыярдуу түрдө COVID-19 жана жугуштуу оорулардын башка түрлөрүн алдын алуу максатында эл көп чогулган жерлерде, ири соода борборлорунда, базарларда, массалык иш-чараларда беткап режимин сактоо сунушталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>