ЖЭБ кырсыгы. Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптар айыгуу стадиясында

ЖЭБ кырсыгы. Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптар айыгуу стадиясында

Түркиянын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий ооруканасында дарылануудан өтүп жаткан Бишкек ЖЭБдеги кырсыкта жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандыктын абалы туруктуу. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында.

«Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда. Тик учактын кулашынан жабыркаган Кыргызстандын эки жараны пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү дарылоону жүргүзүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Антальядагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, ошондой эле бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда.

Белгилей кетсек, 2-февралга караган түнү ЖЭБде авария болгон. Жарылуудан беш адам жабыркап, алардын экөө денесинин 80% жана 90% күйүк алышкан. 3-февралда алар Түркиядагы адистештирилген клиникага которулган. Ал эми 17-январда борбор калаанын батыш жагында Ми-8 МТВ тик учагы кулап, бир учкуч каза таап, борттогу калган кызматкерлер ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>