Жээнбеков апрелде расмий сапар менен Венгрияга барат

Жээнбеков апрелде расмий сапар менен Венгрияга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков апрель айында расмий сапр менен Венгрия барат. Бул тууралуу өлкө башчысы менен Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда 2018-жылдын сентябрында Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга жасаган иш сапарынан кийин, кыргыз-венгер мамилелеринин жигердүү өнүгүшү байкалганы айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков  Венгрия менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестиция жаатындагы багыттарда жемиштүү кызматташууга даярдыгын билдирди.

Петер Сийярто аны менен бирге келген делегациянын курамында инвестициялык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп чыгуу үчүн 30дан ашуун ири компаниянын өкүлдөрү бар экенин маалымдады. Венгер компанияларынын кыргызстандык рынокко болгон кызыгуусу өлкөнүн ачыктыгынын белгиси экенин кошумчалады.

Мындан сырткары, ал Венгрия Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алып, окутууга даяр экенине токтолду. Ошондой эле Кыргызстандын студенттери үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларынан билим алууга квоталарды көбөйтүүгө да даярдыгын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>