Үй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайы
Жээнбеков менен Назарбаев кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын телефон аркылуу талкуулашты
31.07.2019 | 09:36
Кечээ, 30-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу cүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана болочогун талкуулашты. Эки өлкө ортосундагы союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана ынак кошуналык мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн маанилүү экенин белгилешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат