Жекшеналиев өзүнө козголгон иш тууралуу: Акылга сыйбас, идиоттук кылмыш иш (видео)

Жекшеналиев өзүнө козголгон иш тууралуу: Акылга сыйбас, идиоттук кылмыш иш (видео)

Бугүн, 27-ноябрда Биринчи май райондук сотунда жаш активист Ырыс Жекшеналиевдин иши каралды. Ал «массалык башаламандыктарга чакырыктар» жана «бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренелери боюнча айыпталууда.

Соттук отурум башталар алдында Ырыс Жекшеналиев өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча журналисттерге комментарий берди.

Жекшеналиевдин айтымында, ал башаламандык жасоого жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаганы боюнча эч кандай далилдер жок. Активист белгилегендей, ал УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоо» тууралуу архивдик видеосун «Фейсбукка» чыгарып койгону үчүн гана айыпталууда.

Ал өзүнө козголгон ишти «акылга сыйбас, идиоттук кылмыш иш» деп атады.

Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча кийинки соттук процесс 4-декабрга саат 16:30га белгиленди. Келерки отурумда ага акыркы сөз берилип, өкүм чыгат.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин «Фейсбуктагы» «Полит Узник» баракчасына УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеону соцтармактарга чыгарган «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта камакка алынган.

Арадан 2,5 ай өткөндөн кийин 26-октябрда Бишкек шаардык соту Жекшеналиевди үй камагына чыгарган.

Прокурор активист Ырыс Жекшеналиевди 7 жылга эркинен ажыратууну сурады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>