УКМК дагы 10 сойкукана таап, уюштуруучуларын камакка алды

УКМК дагы 10 сойкукана таап, уюштуруучуларын камакка алды

УКМК Чүй облусунун жана Бишкек аймагында чет элдиктер жана Кыргызстандын жарандары үчүн интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Алсак, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) каралган кылмыштын курамы боюнча 10 сойкукана жана 1 салон аныкталып, алардын ишмердүүлүгүндө интимдик кызмат көрсөткөндүгү аныкталган 18 жаштан 25 жашка чейинки кыздар.

24-ноябрда жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Шопоков шаарында, Сокулук айылында, Кант шаарында, Токмокто, Беловодск айылында жайгашкан даректерде фото жана видео жазуу менен Чүй облусуна, ошондой эле Бишкек шаарында сексуалдык кызмат көрсөтүүчү сойкуканалардын мыйзамсыз иштери катталды.

Иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен аталган «Сутенёрлор», 7 адам кармалып, аталган мекемелердин ээлери, уюштуруучулары жана администраторлору «А.Т.», «М.Х.», «Р.Э.», «Ж.Ж», «Т.Б.», «Г.Д.», «Б.Т.» жана Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, бул интимдик жайларда караоке-клуб атын жамынып иштеген Түштүк Корея жана Кытай Эл Республикасынын жарандары үчүн кызмат көрсөтүлгөн. Интимдик кызмат көрсөтүүгө тартылган аныкталган кыздардын жалпы саны 67 адамды түздү.

Учурда сойкуканалардын мыйзамсыз иштерине шефлик кылууга катышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК сойкулукка тартуу жана интимдик жайларды уюштуруу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>