Желим баштыктарга тыюу салуу: Кээ бир депутаттардын бизнеси бар

Желим баштыктарга тыюу салуу: Кээ бир депутаттардын бизнеси бар

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутат Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленип киргизилген “Кыргызстандын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектѳѳ жѳнүндѳгү” мыйзам долбоору каралды.

Депутаттын айтымында, өткөн чакырылышта бул мыйзам долбоор кээ бир депутаттардын бизнесине байланыштуу колдоо таппай калган.

“Мен бир сырды айтып коеюн. 2019-жылы эмне үчүн бул мыйзам долбоор өтпөй калган? Тилекке каршы кээ бир кесиптештерим контрабандалык жол менен полимер пленкасынан пакеттерди  алып келет экен деген маалымат келген. Кээ бир депутаттар жеке бизнесинин алкагында бул ишти чоюп коюшкан. Бирок, ал убакыт өттү, силер колдоп бересиңер деп ойлойм”, — деди Марлен Маматалиев.

Демилгечи депутат белгилегендей, мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, полимердик материалдардан жасалган бир жолу колдонулуучу баштыктарды алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу сунушталууда.

Ага ылайык, Марлен Маматалиев пластмассалык калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген зыянын эске алуу менен, бир жолу колдонулуучу желим баштыктардын көзөмөлсүз жүгүртүүсүнө тоскоолдуктарды түзүү зарыл экенине токтолду.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>