«Жеңиш» аянтында мушташкан чет элдиктер кармалды — видео

«Жеңиш» аянтында мушташкан чет элдиктер кармалды — видео

Бишкектин «Жеңиш» аянтында мушташка катышкан чет элдиктер кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-ноябрда райондук милицияга Пакистандын С.М. аттуу жараны кайрылып, 10-ноябрда болжол менен саат 18:00до «Жеңиш» аянтында Ш.А., Х.И. жана башка белгисиз адамдар ур-тепкиге алганын билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 20 жаштагы Б.Х., 18 жаштагы Ч.С., 19 жаштагы З.М. жана 21 жаштагы А.Ш. аттуу жарандар кармалган. Учурда кармалгандар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

«Андан тышкары, окуяга катышкан башка адамдар аныкталып, милиция бөлүмүнө алынып келген. Кылмыш иштин алкагында алардын иш-аракеттерине да тиешелүү юридикалык баа берилет. Кыргызстандын аймагында жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Бишкектеги окуу жайдын биринин бир нече студенти окуу жайдан чыгарылганын белгилеп кетүү керек», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «Жеңиш» аянтында чет элдиктердин мушташып жаткан видеосу тарагаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>