Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкектин четинде дрон адистерин даярдоочу илимий борбор жана колледж ачылат
11.05.2026 | 10:57
Бишкекке жакын жайгашкан Таш-Дөбө айылында бир айдан кийин «Nanospace» илимий-изилдөө борборун жана учкучсуз учуучу аппараттар (УУА) жаатындагы адистерди даярдоочу колледжди ачуу пландалууда. Бул тууралуу долбоордун өкүлдөрү социалдык тармактарда билдиришти.
Колледж IT, жасалма интеллект, киберкоопсуздук жана УУА багыттары боюнча адистерди даярдаган Эл аралык мета-илимий университет менен биргеликте ачылат. Окууга кабыл алуу чектелүү — болгону 60 орун гана каралган.
Reporter.kg маалымкаты: «Nanospace» — бул учкучсуз технологияларды иштеп чыгуу менен алектенген кыргызстандык жеке компания.