Акыйкатчы институту кыйноолордун алдын алуу боюнча бир айлык жарыялады

26.05.2026 | 11:31
Кыйноолорду токтотууга арналган иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Акыйкатчы институту 26-июнь – Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык жарыялады.

Иш-чаралардын алкагында 25-июнга чейин Акыйкатчы институтуна караштуу кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери жабык мекемелерде жолугушууларды өткөрүп, лекцияларды окушат. Бул иштер кыйноолордун алдын алууга, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттарды сактоого багытталган.

Ошондой эле бүгүн, 26-июнда, соода борборлордо жана калк көп топтолгон жайларда маалыматтык-укуктук консультациялар уюштурулат. Жарандар укуктарды коргоо, сотто кызыкчылыктарды коргоо жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери боюнча маалымат жана кеңеш ала алышат.

Маалымат үчүн: 26-июнь — Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясы 1987-жылы күчүнө кирген. Кыргыз Республикасы аталган конвенцияга 1997-жылы кошулган.

Scroll to Top