«Жерүй» кенинде мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өттү — сүрөт

«Жерүй» кенинде мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өттү — сүрөт

27-ноябрда «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлери Жогорку Кеңешке шайлоодо добуш беришти.

Добуш берүү «Жерүй» кенинде 6095-шайлоо тилкесинде өттү. Добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык уюштурулган. Бул тилкеге көз карандысыз байкоочулар менен катар журналисттер да катышты. Жалпысынан 110 адам добушун берди.

«Кен жетүүгө кыйын жерде жайгашкандыктан жана үзгүлтүксүз иштөө цикли болгондуктан кызматкерлер үчүн сырттан добуш берүү уюштурулду. Мыйзам боюнча шайлоого бир күн калганда өткөрүлөт. Ушуну менен биздин кызматкерлер Кыргызстанда биринчилерден болуп добуш беришти», — деп түшүндүрүштү «Альянс Алтын».

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>