Жетекчилик кызматка орноштурам деп 50 миң $ алган адам кармалды

Жетекчилик кызматка орноштурам деп 50 миң $ алган адам кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 21-июнунда милицияга Т.И. аттуу жаран кайрылып, О. Б. жана Ш. Т. аттуу жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Себеби алар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем  жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алышкан. Андан соң жүргөн жерин жашырып кетишкен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан 1992-жылы туулган О.Б. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, ЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>