Жириновский дебат учурунда сүйлөп жатып, шымын жоготуп алды

Жириновский дебат учурунда сүйлөп жатып, шымын жоготуп алды

Орусиялык ЛДПР саясий партиясынын лидери Владимир Жириновский шайлоо алдындагы дебат учурунда сүйлөп жатып, шымын жоготуп алды. Аталган окуянын видеосу TCV телеграм-каналына жарыяланды.

Жириновский сөз сүйлөө учурунда «капитализмди уюштургандарга» каршы сын айткан болчу. Ал дебатта «Путин менен Мишустин коммунист, андан башкалары деле коммунист» деген. Ошол учурда саясатчынын шымы тездик менен шыпырылып баштаган. Бирок, ошентсе да ал сөзүн токтотпостон, темпин жайлатып, ошол эле маалда кийимин оңдоп алган.

Владимир Жириновскийдин айькан кептери кыргыз элине маалым. Мисалы, ал Кыргызстандын карызы үчүн Ысык-Көлдү алып коюну, андан кийин Кыргызстандан Бишкек губерниясын жасоону айтып чыккан. Бишкек шаарында эркек киши орусча сүйлөгөн кызга терс мамиле кылган окуя үчүн Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык жана экономикалык канташтарды токтотууну сунуш кылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>