ЖК депутатын шайлоо. Улан Сариев добуш сатып алууга шектелүүдө

ЖК депутатын шайлоо. Улан Сариев добуш сатып алууга шектелүүдө

Бишкектин Ленин району боюнча парламенттин депутаттыгына болгон шайлоодо талапкерлердин бири — Улан Сариев добуш сатып алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталаган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (Шайлоочулардын добушун сатып алуу)  боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК билдиргендей, депутаттыкка талапкер С.У.А. (Улан Сариев) жана анын айланасындагылар тарабынан үгүт мезгилинде шайлоочулардын добушун сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу фактысы боюнча далилдер алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгы менен чогултулган материалдар БШКга кароо үчүн жөнөтүлөт.

Добуш сатып алууга шектелип жаткан Улан Сариев аталган шайлоодо 2 миң 70 добуш алып, экинчи орунду ээлеген.

Эскерте кетсек, парламенттин депутаттыгына шайлоо 28-майда өткөн. Анда Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган (6 миң 242 добуш). Бирок соцтармактарга аудиожазуу тарап, анда Ниязалиева менен анын штабындагы адам добуш сатып алуу тууралуу сүйлөшүп жатканы айтылган. Ага байланыштуу Ниязалиеванын штабында тинтүү жүргөн. Ошондой эле, добуш сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Ниязалиеванын штабындагы эки адам (УР. жана А.А.) кармалып, камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>