Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келдиКыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздүКыргызстандын U-15 футбол курамасы 0:3 эсебинен кийин Боливияны жеңди«Жаштык инсульттан коргой албайт» — невролог Асель Керимкулова менен маек
ЖК комитети Кемпир-Абадды биргелешип башкарууну жактырды
31.10.2022 | 20:25
Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жабык карады.
Депутат Ырысбек Атажанов АКИpress агенттигине билдиргендей, Кемпир-Абад суу сактагычын башкарууда Кыргызстандан 12, Өзбекстандан 12 адам кирет.
Макулдашуунун долбооруна добуш берген Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизмеси:
- Улан Примов (Ата Журт Кыргызстан),
- Чолпон Султанбекова (Ишеним),
- Лейла Лурова (Ынтымак),
- Миргүл Темирбаева (Ишеним),
- Ырысбек Атажанов (Кадамжай району),
- Улан Бакасов (Нарын району),
- Жылдыз Таалайбек кызы («Ишеним»).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат