Санитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыБир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи
Жогорку Кеңеште жаңы министрлер ант беришти
19.06.2019 | 09:09
Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште Өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев ант берди.
Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков да катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков министрлердин ишине ийгилик каалады.
Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков ант эң чоң жооперчилик экенин айтып, жаңы министрлерди антты бекем тутууга чакырып кетти.
Рубрики: Жаңылыктар