Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Жогорку Кеңештин төрагасы Арменияга иш сапар менен барат
25.05.2025 | 12:40
25-27-май күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армения Республикасына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында төрага Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламенттер аралык кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулайт.
Муну менен катар жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар да мерчемделген.
Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Эльмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар