Чыңгыз Айтмурзаевге чыгарылган өкүм күчүндө калтырылды

Чыңгыз Айтмурзаевге чыгарылган өкүм күчүндө калтырылды

Жогорку сот «Газпром Нефть Азиянын» башчысынын мурдагы орун басары Чыңгыз Айтмурзаевге мурда чыгарылган сот өкүмүн күчүндө калтырды.

Соттун өкүмү 22-августта чыгарылган.

Быйыл март айында Бишкек шаардык соту Чыңгыз Айтмурзаевди ири өлчөмдөгү алдамчылыкка күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан жана жабырлануучуга айып пул жана кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Белгилүү болгондой Чыңгыз Айтмурзаев жабырлануучудан ири суммада акча алып, бардык тиешелүү документтер болгонуна карабай ар кандай жолдор менен акчаны өзүнө алып алууга аракет кылган.

Мындан тышкары ИИМ тарабынан Айтмурзаевге карата ишеним берилген мүлккө ээлик кылып алуу жана чыгымдоо боюнча экинчи кылмыш иши козголгон. Учурда аталган иш Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилип, каралууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>