Жогорку соттун мурдагы жана азыркы судьяларына иш козголду

Жогорку соттун мурдагы жана азыркы судьяларына иш козголду

Качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык болуп, мурда улутташтырылган мүлктү мыйзамсыз алып коюу жана легалдаштыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган иш Ысык-Көл районундагы «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы коттедждер жана батирлерге байланыштуу.

2010-жылдын 25-майында Убактылуу өкмөттүн №43 декрети менен 10 га жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү айылында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 кыймылсыз мүлк объект мамлекеттин карамагына өткөн.

«Бирок кийин бул объектилер 3 инстанциядагы соттор тарабынан атайылап адилетсиз чечимдерди чыгаруу менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Ошол эле учурда судьялар «Аврора плюс» ишканасынан кымбат баалуу коттедждерди жана батирлерди кызыкдар тараптардан пара түрүндө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган. Ошондой эле, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн коттедждер жана батирлер түрүндө пара катары алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке келтирилген зыян 500 млн сомдон ашкан.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан Жогорку соттун мурдагы төрагасы Д.Ф.З., Жогорку соттун төрагасынын мурдагы орун басары С.Э.Э., Жогорку соттун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Ж. карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Учурда УКМК тарабынан бул кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу аракеттери көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>