Бишкекте үйдүн дубалына Шамшиев менен Темированын сүрөтү тартылды

Бишкекте үйдүн дубалына Шамшиев менен Темированын сүрөтү тартылды

Бишкектеги турак үйдүн сырткы дубалына атактуу кинорежиссер, Кыргызстандын Эл артисти Болотбек Шамшиев менен анын мурдагы жубайы, актриса, Кыргызстандын Эл артисти Айтурган Темированын сүрөтү тартылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Кинорежиссер менен актрисанын сүрөтү «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасынын негизинде тартылган. Аталган тасмада Шамшиев режиссерлук кылган болсо, Темирова роль жараткан.

Сүрөт «Жубили Кыргызстан» (Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company ЖАКсы) компаниясынын буйрутмасы менен KyzArt чыгармачылык тобунун сүрөтчүлөрү тарабынан Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын бетине тартылган.

«Сүрөт Кыргызстандын мурастарын жана Болотбек Шамшиевдин чыгармачылыгында чагылдырылган адамдык баалуулуктарды сактоо максатында тартылды», — деп билдирет мэрия.

Эскерте кетсек, режиссер Болот Шамшиев «Ак Кеме», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Бөрү зындан» жана башка тасмаларды тарткан. Ал 2019-жылы 78 жашында көз жумган.

Айтурган Темирова — Кыргызстандын белгилүү актрисаларынын бири. Темирова «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Ак-Кеме» сыяктуу тасмаларда роль жараткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>