Жол фонду түзүлөт. Максаты эмнеде?

Жол фонду түзүлөт. Максаты эмнеде?

Жол фондун түзүү боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат. Аны максаты жалпы жолду оңдоп-түзөө, ага керектелүүчү техникалык жабдыктарды чыңдоо. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов тармактык комитеттин парламенттик угуу маалында билдирди.

Анын айтымында, бул фонддун чогулган каражаттары кайда кетет. Жалпы пайдалануудагы унаа жолдорун оңдоого, долбоорлоого гана сарпталат. Чогултулган каражаттын 50 пайызы республикалык бюджетке, калганы жол фондуна бөлүнөт.

Ошондой эле пандемиядан бери жол салмак тургай, жолдорду ремонттоого каражат жетпей калганын депутат билдирди.

Күйүүчү жана майлоочу майларга төлөнүүчү акцизстик ставкасын 50 пайызга чейин көтөрүп,  түшкөн каражаттын 50 пайызы жол фондуна түшөт.  Ишке кирген жылы, 2023-жылы 1 млрд. 900 млн сомго акча түшөт деп пландашууда. Бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш сунуштап жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>