«Жол талаша кетип» айдоочуга ок чыгарган милициянын ишин прокуратура иликтейт

«Жол талаша кетип» айдоочуга ок чыгарган милициянын ишин прокуратура иликтейт

Бишкек ШИИББнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурлан Амангуловдун катышуусунда болгон окуянын алкагында топтолгон материалдар Ленин райондук прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

9-октябрь кунү  бир нече басылмалар Нурлан Амангулов  Масалиев менен Алымкулов көчөлөрүнүн  кесилишинде 25 жаштагы адамга травматикалык тапанчадан ок атканын, жаңжал жол талаштан чыкканын жазып чыгышкан.

Ал эми Бишкек шаардык миилциясы бул окуя боюнча Нурлан Амангулов коргонуу ирээтинде ок чыгарган деп түшүндүрмө берген.

“Нурлан Амангулов жумушка шашып баратып «Toyota Remix» унаасынын айдоочусу менен жол талашып жаңжалдаша кеткен. Ал Амангуловду бетке чапкан жана колунда белгисиз бир нерсе болгон. Милиция өз өмүрүн сактоо үчүн травматикалык тапанчадан асманга жана айдоочуга карай ок чыгарган”, — деп жазылат Бишкек милициясынын маалыматында.

Маалыматтарга караганда,  Нурлан Амангуловдун тапанчасынан чыккан ок 25 жаштагы жигиттин колуна тийген,  учурда  ал Бишкектеги травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунда даарыланып жатат, абалы орто оор деп бааланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>