АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Жол тандабастар катышкан кырсыктын чоо-жайы айтылды
17.01.2020 | 16:33
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкектеги эки жол тандабас катышкан кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат таратты.
Мекемеден билдиргендей, окуя 14-январь күнү болжол менен саат 17.30 чамасында Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Анда, 27-жаштагы адам башкарып бараткан “Лексус-470” үлгүсүндөгү унаа 44 жаштагы жарандын башкаруусундагы “Тойота-Ландкрузер” унаасы менен кагылышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен “Лексус-470” унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү жаракат алып ооруканага кайрылышкан.
Кырсыктын видеосу буга чейин Телеграммдагы “Короче” каналына жүктөлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар