ЕАЭБде жыгачтан жасалган таңгактоочу материалдар үчүн фитосанитардык сертификат талабы алындыКыргызстандын мугалимдери түрк элдеринин тарыхы боюнча эң акыркы маалыматтарды алышты«Рубеж-2026»: башкы катчынын орун басары Тургунбеков аймактагы татаал кырдаал тууралуу билдирди2025-жылы президенттин фондунан 2,7 млрд сом эмнеге жумшалдыЖапонияда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 170 спортчу катышатСыйлыкты чындап татыктуу болгондор гана алышы керек — Садыр Жапаров
Жөлөкпул алайын деген жарандардан пара талап кылган кызматкер кармалды (видео)
23.09.2024 | 12:04
Жалал-Абад облусунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери жарандардан акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аларга Базар-Коргон районунун тургундарынан аталган башкармалыктагы акча талап кылуу фактысы тууралуу арыз-даттануу түшкөн.
Анын негизинде кылмыш иши козголуп, 19-сентябрда башкармалыктын адиси М.О.З. кармалган. Ал «Үй бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу маселесин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн аз камсыз болгон жарандардан пара талап кылган.
Аталган адистин мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган.
Бул фактыга анын жетекчилигинин тиешеси бар жек жоктугу текшерилет.