Жоомарт Карабаевдин иши боюнча соттук отурум 28-ноябрга жылдырылды

Жоомарт Карабаевдин иши боюнча соттук отурум 28-ноябрга жылдырылды

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин иши боюнча соттук отурум 28-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонд билдирди.

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Карабаевдин иши боюнча процесс өтүп, анда эки эксперт суралмак. Бирок бул ишти алып барган прокурор эмгек өргүүдө чыккандыктан, анын ордуна башка мамлекеттик айыптоочу дайындалган.

Ал иштин материалдары менен таанышууга жетишпей калганын айтып, соттон процессти башка күнгө жылдырууну өтүнгөн. Ага байланыштуу соттук отурум 28-ноябрга саат 15:00го жылдырылды.

Эскерте кетсек, 2-июлда УКМК Жоомарт Карабаевди суракка чакырып, андан кийин кармаган. Атайын кызмат ага «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кармалганга чейин Карабаев социалдык тармактар аркылуу УКМК жана Илимдер академиясынын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаты жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле Жоомарт Карабаевге козголгон иш боюнча маалымат бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган жарандар болгон. Аларга көбүнчө «массалык башаламандыктарга чакырыктар» же «бийликти басып алууга чакырыктар» беренеси менен иш козголгон. Бул иштер боюнча далил катары экспертизалардын корутундусу колдонулган.

Сентябрда Карабаев тергөө учурунда ага күч колдонулганын Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине билдирген.

8-октябрда анын иши сотто карала баштаган. 31-октябрда Карабаев эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотулган.

Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев камактан бошотулду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>