ЖРТ тапшырууга 117 борбор ачылды

ЖРТ тапшырууга 117 борбор ачылды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүү үчүн 117 борбор ачылды. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева маалымат жыйынында билдирди.

ЖРТ 23-28-май аралыгында өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Тестирлөөгө 47,4 миңден ашык абитуриент катталган.

«23 жана 26-май күндөрү саат 13.00дөн 17.00гө чейин буга үлгүрбөй калгандар үчүн бардык тестирлөө борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт», — деди Чынара Батракеева.

ЖРТ гранттык орундарга да, контракттык негизде окуунун бардык формаларына да (күндүзгү, сырттан жана кечки бөлүмдөргө) кабыл алууда милдеттүү болуп саналат. Эгерде жогорку билимге ээ болууну кааласа, анда ЖРТдан өтүшү керек.

Маданият жана искусство жогорку окуу жайларынын айрым адистиктерине жана дене тарбия, спорттун айрым адистиктерине тапшырууда ЖРТнын жыйынтыгы талап кылынбайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>