Жумгал: Жубайы ооруканага түшкөн жигит асынып каза болду

Жумгал: Жубайы ооруканага түшкөн жигит асынып каза болду

Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылында жаш жубайлар ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен жубайы ооруканага түшүп, күйөөсү өзүнүн короосунда асынып каза болду. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2022-жылдын 14-январында саат 14:00 чамасында Жумгал районунун 1996-жылы туулган тургуну М.А. үйүнүн мал короосунда асынып каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзүлгөн учурда күч колдонулган белгилер байкалган эмес. Бул факт боюнча учурда Жумгал РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, маркум М.у.А.нын атасы катуу ооруп, Бишкек шаарында дарыланып жүргөн. Апасы атасынын жанында болчу.

«Маркум 2021-жылы үйлөнгөн. Келинчеги 2003-жылы туулган, Кызарт айылынын кызы. Окуя болгон күндөн мурун келинчеги экөө урушуп, келиндин төркүндөрү аны райондук ооруканага жаткырышкан. Ооруканадан милиция кызматкерлери текшергенде колуктусу күйөөм сабады деп айткан экен», — деди тургундар.

Кыздын жакындары күйөө баласы милициядан коркконунан ушундай ишке барган дешсе, айрым айылдаштары колуктусун айыпташууда. Бирок маркумдун апасы Айнура мындай сөздөр менен макул эмес.

«Биздин эч кимден күмөнүбүз жок. Мындай болуп кетерин билген жокпуз. Абышкам чоң операция болуп, биз Бишкек шаарында жүргөнбүз. Балам өзү кыргызчылык менен ооруп жүргөн экен. «Түш көрдүм» деп түшүн деле толук айтпаптыр. Келинимде деле күнөө жок. Эч кимге дообуз жок. Азыр келиним: «Апа, кетпей эле коёюнчу, кетким келбей жатат» деп ыйлап отурат. Баламды шайтан эле аралап кетти. Экөө сүйлөшүп эле турмуш куруп, бактылуу эле жашап жатышкан. Орган кызматкерлеринде деле күнөө жок. Алар суракка алганда баламдын жакындары жанында болчу. Биз эч кимди күнөөлөбөйбүз», — деди ал.

Маркумдун жакындарынын айтымында, жаш жубайлар буга чейин урушкан эмес. Алардын чырын эч ким көргөн эмес.

Маркум үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү болгон. 15-январь күнү жерге берилди. Анын артында жубайы жана 4 айлык кызы калды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>