Кыргыз-казак чек ара аймагынан илбирстин териси табылды

Кыргыз-казак чек ара аймагынан илбирстин териси табылды

Кыргыз-казак чек ара аймагынан илбирстин териси табылды. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  чек арачылар Чүй облусунун Чалдыбар айылындагы чек ара тилкесин карап жатып, Казакстан чек араны көздөй мүшөк көтөрүп бара жаткан кишини байкаган. Чек араны бузган адам тууралуу чек арачыларга кабарланып, аны кууп жетүүгө аракет кылынган. Чек ара кызматкерин көргөн адам сумканы мамлекеттик чек ара сызыгынан алыс эмес жерге таштап, Кыргызстандын аймагында жашырынып алган.

Окуя болгон жерге келген чек арачылар баштыктан илбирстин терисин жана баш сөөгүн табышкан.  Чек ара бөлүктөрү кызматташкан органдар менен бирдикте ыкчам-издөө жана коопсуздук чараларын жүргүзүшөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин илбирстердин териси жана баш сөөгү тиешелүү органдардын кызматкерлерине иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>