8-октябрь: Ошто жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйтКурулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырды
Жумгалда балыкка кеткен бойдон жоголгондор табыла элек
10.06.2020 | 12:27
Жумгал райондагы Миң-Куш айылынын балык кармаганы кеткен 42 жана 41 жаштагы тургундары 5 күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Алар 5-июнь күнү Көкөмерен дарыясынан балык кармаш үчүн Өрнөк айылына кетишкен бодон кайтып келишкен эмес.
9-июнь күнү Жумгал райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн 13 кызматкери издөө иштерине тартылып, бирок табылган эмес. Издөө улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар