Журналист Мээрим Айныкеева Токтогул-Манас көчөсүнүн кесилишинде “Шахрезада” кафесинде курбулары менен отурган. Бейтааныш адам жолун тороп, колунан кармап кое бербей Мээримдин университетте, “Акчабарда” иштегенин, азыр Али Токтакунов менен иштешерин, жерлиги, жеке турмушу тууралуу айткан. Андан тышкары “Али Токтакунов кандай адам, азыр каякта?” деген суроолорду берген. Кыздардын жанынан кетпей, алар кафеден чыгып баратканда да артынан калган эмес. Аны Мээрим сүрөткө тартып алганда колунан телефонун жулуп алууга аракет кылган. Өзүн “УКМКда иштейм” деп тааныштырган. Кыздар кетип баратканда “она такси вызывала” деп бирөөгө телефондон кабарлаган. Бул туурасында журналист Али Токтакунов фейсбуктагы баракчасына жазды.
Бирок, укук коргоо органдарга кайрылганын же кайрылбаганын жазган жок.