Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Кытайдын байыркы искусствосунун көргөзмөсү ачылдыКыргызстанда 2027–2031-жылдарга карата фискалдык саясаттын долбоору жактырылдыТалас шаарындагы жаңыланып жаткан К. Нуржанов аллеясы Эгемендүүлүк күнүндө расмий ачылат«ММ Стиль» ЖЧКсы Бишкек мэриясынын «кара тизмесине» киргизилди — себептериАбактагы акын Аскат Жетиген 19-августта эркиндикке чыгатКызыл-Кыяда чет өлкөлүк жаран гашишин сатып жаткан жеринен кармалды — БМЖККК
Журналист Чынара Токонова каза болду
04.11.2019 | 15:57
Журналист Чынара Токонова Бишкектеги ооруканалардын биринде 37 жашында каза болду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештерине таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, журналист 3-ноябрда экинчи жолу инсульт алып, ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын операцияны көтөрө албай турганын айтышкан.
Чынара Токонова акыркы кезде “Булан” институтунда иштеп жаткан. Ага чейин КТР, НТС, 5-канал, Санжыра радиосу ж.б. бир катар телеканал жана радиолордо эмгектенген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом