КМШ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынында Кыргызстан менен Россия 2027-жылга карата планды бекитиштиКыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте республикалык театр фестивалы өтөтКыргызстан менен Монголия жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмөлөрдү жеткирүүнү талкуулаштыКыргызстанда айрым полимердик пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралууБишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирди
Журналист Чынара Токонова каза болду
04.11.2019 | 15:57
Журналист Чынара Токонова Бишкектеги ооруканалардын биринде 37 жашында каза болду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештерине таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, журналист 3-ноябрда экинчи жолу инсульт алып, ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын операцияны көтөрө албай турганын айтышкан.
Чынара Токонова акыркы кезде “Булан” институтунда иштеп жаткан. Ага чейин КТР, НТС, 5-канал, Санжыра радиосу ж.б. бир катар телеканал жана радиолордо эмгектенген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом