Бийлик жана инвестор Чаарат кенин өздөштүрүүнү тездетүү боюнча макулдаштыКРСУда жасалма интеллект, УУА жана робототехника лабораториялары өнүктүрүлөтИспания Аргентинаны жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону аталдыКыргызстанда жол кырсыгынан жабыркаган балдардын саны өстү — Саламаттык сактоо министрлигиДСУ: Акыл-эс кемтигинин 45%га чейинки учурларын алдын алууга же кечеңдетүүгө болот20-июль: +43°C чейин ысык, айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт
Журналист Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборуна жетекчи болду
26.02.2020 | 16:56
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, Каныкей Жунусова Нарын облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Каныкей Жунусова 1974-жылы туулган. Билими жогорку. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктаган.
Ал, 1998-2005-жылдары Нарын облустук телерадиокомпаниясында диктор, 2005-2013 -жылдары КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кабарчысы болуп иштеген. Ал эми, 2013-жылдан баштап, “Ала-Тоо 24” каналынын эфирине жооптуу редактор болуп иштеп келе жаткан.
Өткөн жылдын соңунда аймактардагы ЖМКларды реформалоонун алкагында аймактардагы 46 гезит-журнал жоюлуп, ар бир облуска медиа борбор түзү иштери башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом