Эсептөө палатасы Салык кызматынан миллиарддаган сомдук мыйзам бузууларды аныктады

23.07.2026 | 16:27
Эсептөө палатасы Салык кызматынан миллиарддаган сомдук мыйзам бузууларды аныктады — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Эсептөө палатасы Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен бюджетке 11,5 миллиард сомдон ашык салыктын түшпөй калуу тобокелдиктерин, ошондой эле каржылык мыйзам бузууларды аныктады.

Эсептөө палатасы Салык кызматынан миллиарддаган сомдук мыйзам бузууларды аныктады — иллюстрация
Мекеменин маалыматына караганда, кошумча 3 миллиард 211,3 миллион сом чегерилген. Учурда бул каражаттарды бюджетке кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Аудит ошондой эле ички каржылык тартипте жана курулуш-оңдоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар болгонун аныктаган.

«Тактап айтканда, подрядчыларга 82,9 миллион сом негизсиз төлөнүп берилген, курулуш иштеринин көлөмү 31,6 миллион сомго ашыра көрсөтүлгөн, ал эми күндөлүк оңдоп-түзөө иштеринде 152 миң сомго ашыкча чегерүүлөргө жол берилген», — деп айтылат билдирүүдө.
Эсептөө палатасы Салык кызматынан миллиарддаган сомдук мыйзам бузууларды аныктады — контекст события

Мындан тышкары, аудиторлор бюджеттик каражаттардын эсебинен 6 миллион 80 миң сом өлчөмүндө эмгек акы ашыкча төлөнүп берилгенин аныкташты.

«Бухгалтердик эсепти туура эмес жүргүзүүнүн айынан имараттардын баланстык наркы 13,7 миллион сомго кем көрсөтүлгөн. Эсептөө палатасынын баамында, текшерүүнүн жыйынтыгы МСКда (Мамлекеттик салык кызматында) ички каржылык көзөмөлдүн жетишсиздигинен жана салыктык администрлөөдө (башкарууда) тобокелдиктерди тескөө системасын күчөтүү зарылдыгынан кабар берет», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Аудиттин жыйынтыгы менен Мамлекеттик салык кызматына аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана каржылык тартипти бекемдөө боюнча аткарылышы милдеттүү болгон жазма буйрук (предписание) жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Scroll to Top