Жолдор, спорттук объектилер жана ипподром: Сокулукта кандай долбоорлор ишке ашырылуудаУКМК: №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалдыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат«Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо: завод Евро-5 стандартындагы күйүүчү май чыгарууга өтүүдөУКМК Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет элдикти аныктадыУрмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды
Жыл башынан бери көлдөрдөн 46 миң метр тор жана тонналаган таштандылар жана чыгарылды
12.05.2026 | 10:43

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жыл башынан бери өлкөдөгү көлдөрдөн жалпы 46 300 метр синтетикалык тор жана 1 060 кг таштанды чыгарышты. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык жыл башынан бери жалпы 36 рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен 416 658 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Ошондой эле аталган кызмат 1-10-май күндөрү да республика боюнча 125 рейд өткөрүп, анда экологиялык жана техникалык коопсуздук багытында 137 мыйзам бузуу фактысы аныкталган.
Бул 10 күндүн ичинде көлдөрдөн төмөнкү өлчөмдөгү торлор жана таштандылар чыгарылган:
- Ысык-Көлдөн — 3 700 метр;
- Токтогул суу сактагычынан — 2 900 метр;
- Киров суу сактагычынан — 1 500 метр тор жана 300 кг таштанды;
- Орто-Токой суу сактагычынан — 500 метр;
- Соң-Көлдөн — 300 метр.
Мекеменин маалыматында, синтетикалык торлор экосистемага зыян келтирип, балык запастарын жана суу канаттууларын жок кылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом