Орусияда жаңы штаммдарга байланыштуу гриппке каршы вакциналар жаңыртылдыБишкектин Кара-Жыгач конушунда 6-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайтАдылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМи
Бишкекте кытайлык дарыгерлер акысыз көз операцияларын жасашат
12.05.2026 | 11:03

18-27-май күндөрү Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда кытайлык офтальмологдор катаракта диагнозу коюлган бейтаптарга акысыз операцияларды жасашат. Иш-чара «Экспресс-ден соолук – жаркын саякат» эл аралык долбоорунун алкагында өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Пландалган 300 операция амбулатордук негизде жүргүзүлөт. Бейтаптарды каттоо 12-майдан 18-майга чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин (иш күндөрү) жүргүзүлөт.
Катталуу үчүн талап кылынган документтер:
- офтальмологдун жолдомосу;
- көкүрөк рентгенографиясы;
- ЭКГ;
- кандын жана зааранын жалпы анализи, кандагы канттын анализи;
- В жана С гепатиттеринин маркерлери;
- 64 жашка чейинкилер үчүн RW анализи;
- өздүгүн тастыктаган документтер (жеңилдиктери бар күбөлүктөр кошо).