Ушул жылдын I кварталында Кыргызстан жалпы суммасы 50 млн 296,009 долларга 822 кг 137,4 грамм алтын сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин документинде айтылат.
Маалыматка ылайык, алтынды төмөнкү мамлекеттер сатып алган:
- Кытай (Гонконг) — жалпы суммасы 9 млн 698,859 миң долларга 167 кг 882,1 грамм;
- Швейцария — жалпы суммасы 40 млн 597,15 миң долларга 654 кг 255,3 грамм.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз