Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Жыл башынан бери жайыттарда 109 мыйзам бузуу аныкталды
17.07.2026 | 15:24

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 фактыны аныктады. Алар боюнча жалпысынан 600 миң сомго жакын административдик айып пул салынды.
Мекеменин маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Министрлер кабинетинин №330 токтомунун талаптарын аткаруу максатында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.
Аталган токтомго ылайык, жайыттарга эндуро-мотоциклдердин, квадроциклдердин жана башка автоунаалардын көзөмөлсүз кирүүсүнө тыюу салынган.
Жаратылыш ресурстары министрлиги мындай техникалардын жайыттарга кирүүсү чөп катмарынын бузулушуна, өсүмдүк катмарынын жабыркашына жана жердин табигый абалына олуттуу зыян келтирерин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом