2026-жылы КРСУну Казакстандын 56 жараны аяктады, алардын көбү болочок дарыгерлер

2026-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) дипломун Казакстандын 56 жараны алды. Алардын жарымынан көбү медицина багытын тандаган.
Быйыл жалпы 1061 студент КРСУну аяктады. Алардын арасында Казакстандын 56 жараны бар. Бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Кыргызстан менен чектеш аймактардан — Тараз, Шу, Кулан, Костөбө, Кордай, Моюнкум жана Степное айылдарынан келишкен.
Эң көп тандалган багыт — медицина болду. «Дарылоо иши» адистиги боюнча 34 студент окуусун аяктады. Мындан тышкары, алты бүтүрүүчү гуманитардык факультетти, алтоо экономика факультетин, бешөө табигый-техникалык факультетти аяктады. Дагы экиден бүтүрүүчү архитектура, дизайн жана курулуш факультеттеринен, ошондой эле юридикалык факультеттен билим алышты. Ал эми бир студент эл аралык мамилелер факультетинин дипломун алды.
Артыкчылык дипломдоруна Казакстандын беш жараны ээ болду — бул КРСУнун быйылкы казакстандык бүтүрүүчүлөрүнүн болжол менен ар бир он биринчиси.
Акыркы бир жылда университет өз позициясын бекемдеди: QS World University Rankings рейтингинде 200дөн ашуун тепкичке көтөрүлдү, эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өттү, бюджеттик орундардын санын көбөйттү жана Кыргызстан менен Россиянын ири биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорун ишке ашырууну улантты.