Кыргызстан менен Евробиримдик айыл чарба продукциясын Европагаа чыгарууну кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Европа биримдиги ата мекендик айыл чарба продукциясынын Евробиримдиктин рыногуна жеткиликтүүлүгүн мындан ары кеңейтүү маселесин талкуулады. Бул маселе Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Европа биримдигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Реми Дюфлонун жолугушуусундагы негизги темалардын бири болду.
Тараптар Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын Европа биримдигинин өлкөлөрүнө экспортун көбөйтүү боюнча чараларды карашты. Продукциянын сапатын жогорулатуу, лабораториялык инфраструктураны чыңдоо, эл аралык стандарттарды киргизүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушууда ошондой эле ирригациялык жана суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо, агрардык тармакка суу үнөмдөөчү технологияларды жана санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле органикалык жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык талкууланды.
Жолугушууда белгиленгендей, Европа биримдигинин, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана европалык каржы институттарынын колдоосу менен Кыргызстанда жалпы баасы 86 миллион евродон ашкан суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлору ишке ашырылып жатат. Мындан тышкары, өткөн жылы Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда кол коюлган, өлкөнүн суу чарба тармагын реформалоого багытталган 17 миллион евролук гранттык макулдашууну ишке ашыруу уланууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.