Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
ӨКМ: 6 ай ичинде 57 адам сууга чөгүп каза болду
02.07.2019 | 18:10
Кыргызстанда жыл башынан бери 57 адам сууга чөгүп каза болду. Алардын 18и он эки жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ал эми акыркы эки ай ичинде 30 адам ар кандай себептер менен сууга агып жана чөгүп кетишкен.
ӨКМ жарандарга көлгө жана табият койнуна эс алууга чыкканда, сууга чөгүүдөн коргогон кемселдерди кийүүнү сунуш кылат.
2018-жылы Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болсо анын 80и жай мезгилинде чөгүп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар