Акын Аскат Жетиген эркиндикке чыкты

Бүгүн, 19-августта, акын Аскат Жетиген №27 түзөтүү мекемесинде үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыкты.
Ал журналисттерге берген маегинде аны түрмөдөн таңкы саат 7:30дар чамасында абактын кызматкерлери унаа менен алып чыгып, Курманжан датка көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишине таштап кетишкен. Ал буга абак алдына адамдар топтолуп, ар кандай окуялар жаралып кетпесин деген кооптонуулар себеп болушу мүмкүн экенин билдирген.
Аскат Жетиген 2024-жылдын мартында бийликти сындап, сөгүнгөн видеокайрылуусун чыгаргандан кийин кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктарга чакырыктар) жана 327-беренеси (Бийликти басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айып тагылган.
2024-жылдын 1-июлунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту аны «Массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча актап, бирок «Бийликти басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бул чечимди Жогорку сот 2025-жылдын 18-мартында күчүндө калтырган.
Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген.