Бишкекте «Ашар бирикмеси» фондунун директору алдамчылыкка шектелип кармалдыУКМКнын кызматкерлери Беловодск балдар мекемесинин тарбиялануучуларын куттукташтыМамлекеттик кызматтарды проактивдүү форматка өткөрүп, бюрократияны кыскартууну сунуштоодоКыргызстандын калкынын үчтөн биринен көбүн балдар түзөт — 1-июнга карата статистикаНоокатта 390 гектар жайыт калыбына келтирилүүдөОшто аэропортко барчу жол оңдолуп, жол тыгындары азаят
Сузакта 11 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти
09.07.2019 | 13:41
Эксклюзив
Бишкектен ички каттамдар боюнча гид: борбор калаадан бир саатта учуп барып, эмнелерди көрүүгө болот?
Жалал-Абадда 11 жаштагы баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Облустук милициядан билдиришкендей, окуя Cузак районунун Каңды айылында 8-июль күнү болгон.
Баланын өлүгүн кылмышкерлер өз үйүнүн короосуна колу-буту скотч менен байланган
абалда таштап кетишкен. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен анын денесинде 20дан ашык бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери “сенден балаң аркылуу өч алдым” деп жазылган катты табышкан.
Ал эми маркумдун эжеси үйдөн хиджаб жамынган адамдын чыгып баратканы тууралуу көрсөтмө берген.
Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү тизмесине “адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Рубрики: Окуялар