Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Кадамжайда өспүрүм жайлоого баратып, мотоциклден кулап каза болду
29.05.2026 | 12:54

Кечээ, 28-майда, Баткен облусунун Кадамжай районунда өспүрүм мотоциклден кулап каза тапты. Бул тууралуу облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 16 жаштагы өспүрүм жаңы сатып алган «Эндура» спорттук мотоцикли менен Көк-Жалаң жайлоосуна мал кароо үчүн баратып башкарууну жоготуп, кулап түшкөн. Алган жаракаттарынан улам өспүрүм ооруканага жетпей, тез жардам унаасында каза болгон.
Милиция кырсыктын жана өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалганын билдирди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Баткен, Кадамжай району