Бишкектеги «Акыркы коңгуроо»: милиция ондогон мыйзам бузууларды аныктады

Окуу жылынын аякташына карата өткөрүлгөн иш-чаралар учурунда борбор калаанын милиция кызматкерлери Бишкекте рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан (ШИИББ) билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, саат 22:00дөн кийин коомдук жайларда, мектептердин аймактарында, компьютердик клубдарда, автоунааларда жана көчөлөрдө мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүргөн 50дөн ашык өспүрүм аныкталган.
Эки өспүрүм ИИМдин Жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилди, калгандары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 74-беренеси боюнча 21 протокол түзүлдү.
Милиция жашы жете электердин унаа башкаруу фактыларына өзгөчө көңүл бурду — рулда отурган 25 өспүрүм аныкталды. Алардын ичинен алтоо белгиленген жашка жетип, айдоочулук күбөлүктөрү болгон, бирок жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн аларга карата административдик материалдар түзүлгөн. Айып аянтчасына 19 автоунаа токтотулду, алардын 16сы тиешелүү документтери жок айдалып жүргөн. Дагы үч унаа башка аныкталган мыйзам бузуулар үчүн айып аянтчасына киргизилди. ШИИББден белгилешкендей, айрым өспүрүмдөр унааларды билим берүү мекемелерине баруу үчүн колдонушкан.
Бардык аныкталган фактылар боюнча мыйзамга ылайык чаралар көрүлдү.
Мекемеден кошумчалашкандай, милиция кызматкерлери 29-майдан 2-июнга чейин (кошо алганда) күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлдү.