Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып өлтүрүлдү

25.05.2026 | 11:22
Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектүү

Ош шаарында акча алмаштыруучу жайга жасалган кол салуунун кесепетинен 33 жаштагы эркек киши, үч баланын атасы, каза болду. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 24-май күнү кечинде белгисиз адам Амир-Тимур көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип барып, анын ээси М.Х.га бычак менен кол салган.

Жабырлануучуга бир нече жолу бычак сайылган. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, операция учурунда алган жаракатынан улам каза болгон.

Кылмышка шектелип, Ош шаарынын 38 жаштагы тургуну Т.Н. кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал кол салуудан кийин коңшу бөлмөгө кирип, акча алган.

Кармоо учурунда шектүү өзүнө кол салууга аракет кылган, бирок милиция кызматкерлери аны токтотуп калышкан. Текшерүү маалында шектүүдөн 37,5 миң сом, эки уюлдук телефон жана алкоголдук ичимдиктин бош бөтөлкөсү табылган.

Көзөмөл камераларына кепка жана медициналык беткап кийген адам имаратка кирип, баштыгынан бычак чыгарып, акча алмаштыруучу жайдын ээсине кол салганы жаздырылып калган. Кол салууну токтотууга аракет кылган жергиликтүү тургун дагы колунан жаракат алган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Теги: Ош шаары
Scroll to Top