Жалал-Абадда “Коопсуз шаар-2” долбоорун ишке ашыруу старт алды

09.11.2019 | 11:19

Жалал-Абад облусунун аймагында “Коопсуз” шаар долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу башталды. Облустук Жол коопсуздук кызматынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдиргендей, учурда камера орнотулуучу жерлер текшерилип жатат.

” Snenzhen Sunwin” компаниясынын өкүлдөрү, Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек – Ош, Жалал-Абад – Балыкчы автожолдорунда жана ошондой эле Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө жол эрежелеринин бузууларын аныктаган көзөмөл камера-комплекстери орнотулуучу участкаларды алдын ала  текшерүүдөн өткөрүшүүдө”, – деди Сатыбалдиев.

Аталган көзөмөл камера-комплекстери төмөнкүдөй тартипте орнотулмакчы:

— Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу өткөн Бишкек – Ош автожолунда- 32 жайга;
— Жалал-Абад – Балыкчы автожолунда – 4 жайга;
— Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө 12 жайга орнотулмакчы.

Scroll to Top