1-августан тарта калкка көмүр сатыла баштайт

1-августан тарта калкка көмүр сатыла баштайт

1-августтан тарта бардык мамлекеттик отун сатуу пункттарында калкка көмүр сатыла баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, аткаминерлер күйүүчү майды үзгүлтүксүз камсыздоого аракет кылышат.

Министр ошондой эле өлкө быйылкы кыштан кыйынчылыксыз өтөрүнө ишендирди. Ал эми көмүр боюнча да кыйынчылык болбойт.

«Өзүбүздү өзүбүз көмүр менен камсыз кылышыбыз керек. Республиканын ичинде көмүргө муктаж болуп турганда түштүктөгү жеке ишканаларыбыз эмне үчүн Польшага көмүр ташыйт? Ошондуктан биз алгач өзүбүздү көмүр менен камсыздап, андан кийин экспорттоо маселесин көтөрөбүз», — деди ал.

Ошол эле учурда Доскул Бекмурзаев көмүрдү сыртка чыгарууга тыюу салуу тууралуу сөз жок экенин белгиледи. Бийлик аны сатуу процессин жөн гана жөнгө салмакчы.

«Биз министрлер менен кеңешип, бул маселелерди чечебиз. Көмүр менен камсыздоо боюнча айтсам, биз аларды керектүү көлөмдө камсыздай алабыз деп ойлойм», — деп жыйынтыктады ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>